Бишкекте бүгүн, 26-декабрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонайдын алгачкы жеке концерти башталды. Ырчы өзүнүн ырларынан попурри ырдап чыкты. Көрүүчүлөр залдын 60 пайызын ээлешти. Алып баруучулукту "До+Фа" тасмасында баш каармандардын образын жараткан "тамашоучу" Самат менен Эмил аркалашты.
Ырчы Чолпонай күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, толкунданганын жашырган жок. "Алгачкы концертимди берип жатканым үчүн аябай толкунданып жатам. Бул күн сиздер үчүн да, мен үчүн да жагымдуу күн болсун. Мен көп жерге барганда "Доорон кайда?" деп суроо узатышат. Атымды Фарида деп атап алышканын айта кетейин. Ошондой эле "Сен кыргызча билбейсиңби?" деген суроону көп угам" деп алып баруучуларды сахнага чакырды.