Жогорку Кеңеш Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевдин жана Абсаттар Сыргабаевдин транспорт жана коммуникациялар министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Анда Абсаттар Сыргабаевдин министр болушуна 74 депутат, Машиевдин талапкерлигине 79 депутат "макул" деп добуш беришти.

Эске салсак, 26-июнда президент Садыр Жапаров жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевди кызматынан бошоткон. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалган.

Убактылуу министрлик кызматка келген Азис Сапаралиев 2-сентябрда кызматтан алынды. Анын милдети ошол эле күнү Машиевге жүктөлгөн.

54 жаштагы Медер Машиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Быйыл март айында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болгон.

Мамлекет башчысы 11-июлда Транспорт министрлигин жетектеген Тилек Текебаевди Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындап, анын ордуна аталган облустун башчысы Сыргабаевди министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

48 жаштагы Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Барпы айылында туулган. Жалал-Абад облусунун башчысы кызматына 2020-жылы 19-октябрда келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо ошол кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынын тизмесинде бешинчи катарда талапкер болгон. Сыргабаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы катары да белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан