Азис Сапаралиев мурда жүктөлгөн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, 26-июнда президент Садыр Жапаров жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевди кызматынан бошоткон.
Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалган.