Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Эми жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эске салсак, 26-июнда президент Садыр Жапаров жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевди кызматынан бошоткон.
Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалган. Бүгүн Азис Сапаралиев кызматынан бошотулду.