Бүгүн, 5-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Биз” тобунун концерти орун алып жатат. Концерттин башталганына 1 саатка чукул убакыт болуп калса да, концерттик залга кирип жаткан элдин агымы токтой элек. Ал эми концерт алгачкы мүнөттөрүнөн тарта элдин колдоосуна ээ болду.