Сот кримтөбөл "Женгого" өкүм чыгарды

Кылмыш чөйрөсүндө "Женго" деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досоновго жана былтыр январь айындагы окуялар боюнча айыпталып кармалгандарга сот өкүмү чыкканын бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Шектүүлөргө карата райондук соттун өкүмү 29-ноябрда чыккан.

Ага ылайык, Досонов Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу), 41-беренесинин 2-бөлүгү (Кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн же болбосо аны жетектеген адам), 37-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыш жасоого аракеттенүү, кылмышты жасоого түздөн-түз багытталган, түз кара ниетте адам тарабынан жасалган жосун) жана 122-беренесинин 2 бөлүгүнүн 7,16,18-пункттары (Өзгөчө мыкаачылык менен; Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган; Кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган) боюнча күнөөлүү деп табылган.

Мындан улам ал 262-берененин 2-бөлүгү боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылса, калган беренелер боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесин 2-бөлүгүн (Кылмыштардын жыйындысы болгондо сот ушул главанын жоболоруна ылайык ар бир кылмышка өз-өзүнчө жаза дайындайт. Андан кийин дайындалган жазаларды толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен акыркы жазаны аныктайт) эске салуу менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ошондой эле 2023-жылдын январ айындагы окуяларга шектелип кармалган Ш уулу К., Р. уулу А., Ж.А., К уулу Э., Ч.Н., А уулу Э. аттуу жарандар дагы Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 77-берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Ал эми А.Э. аттуу жаран бир нече берене менен айыпталып, 9 жылга абакка кесилди.

Белгилей кетсек, былтыр 13-январда Ош шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бири каза болгон. Буга байланыштуу крим чөйрөсүндөгү авторитет Кадыр Досонов жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышкан. Алардын бири Оштон, экөөсү Чүй облусунун аймагынан, дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан