Ош шаарында жасалган кылмышка катыштыгы бар адам Ош облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.
Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.
Бүгүн, 14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган.