Бишкекте Чыңгыз Айтматов
атындагы Улуттук орус драма театрында 12-январь күнү “Лезгинка – өмүргө тете
бий” аталышындагы 3-эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка
ылайык, фестивалга Казакстан жана Кыргызстандын бий топтору катышышат. Салтка
айланган сынакта катышуучулар лезгинка бийин жамааты жана жуп-жуп болуп аткарып, баш байге үчүн ат
салышат. Сынактын байге фонду 120 миң сомду түзөт.
Жеңүүчүлөр 13-январда “Кавказ
ырдап, бийлейт” аттуу концертте сыйланышат.