Кыргызстан көз карандысыздыкты алган соң 1992-жылы 3-мартта мамлекеттик символдордун бири тууну кабыл алган. Аны ошол кездеги легандарлуу парламенттин депутатары кабыл алышкан. Ал эми 5-мартта Өкмөт үйүндө салтанаттуу түрдө туу көтөрүлгөн.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдиктин жана тайманбастыктын символу, алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу. Кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.
Мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев, Сабыр Иптаров, Бекболсун Жайчыбеков, Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков болуп саналат.
Мамлекеттик туу 2023-жылдын 20-декабрында өзгөрүүгө дуушар болгон. 2024-жылдын 1-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган желектин туура эмес үлгүсү илинип, нааразычылык жараткан. Ал эми 2024-жылдын 8-январында "Ала-Тоо" аятнына расмий түрдөгү туу илинген. Бирок көп өтпөй белгилүү себептерден улам дагы алмаштырылган.
Желек өлчөмүнө карабастан президентин резиденциясында сакталган Мамлекеттик туунун түстүк жана схематикалык эталонуна дал келиши керек.
Кызыктуу фактылар
- Алгачкы Мамлекеттик туу – “Кыял” көркөм бирикмесинин адистери аркылуу табигый жибектен, бир түндүн ичинде тигилген. Ошону менен бирге салттуу кездеме жазылышы колдонулган.
- Алгач Мамлекеттик туунун өңүн көк түстө кылуу каралган. Ошол кездеги депутаттардын талаш-тартышынан кийин добуш кызыл түскө берилген. Депутаттар көк түс аза күтүүнүн өңү деген пикирлерин айтышкан.
- 1992-жылдын 1-мартында Кыргызстан БУУнун официалдуу мүчөсү болгон. Нью-Йорктогу Генералдык ассамблеянын имаратынын жанында Кыргызстандын жаңы туусу илинбей, кийин илинген. Анткени Легендарлуу парламенттин депутаттары тууну кабыл алууга жетишпей калган.
- Мамлекеттик тууну өзгөртүү Жогорку Кеңештин V чакырылышында да көтөрүлгөн. Анда депутат Абдырахман Маматалиев сунуш берип, бирок ишке ашкан эмес.
- Башкы мамлекеттик желек Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында орун алган. 2009-жылы 45 метрге алмаштырылган флагшток алгач 18 метр болгон. Жаңы тууну кабыл алуу алдында борбордук аянттагы флагшток менен кароолдун турган жери оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ремонттон кийин 100 метрлик флагшток орнотулган.
- 2010-жылдан тарта 3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнү катары белгиленип келет.
Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин кандай желектерди колдонуп келген?
1921-1924-жылдары Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын туусу;
1929—1937-жылдары Кыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик Республикасынын туусу;
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 1952—1981-жылдардагы өзгөргөн туусу;
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 1981-1992-жылдардагы туусу.