"Үчүнчү ирет". Бишкекте бүгүн эле көтөрүлгөн жаңы желек жыртылып калганына байланыштуу кайра алмашылды

Бүгүн, 8-январда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында салтанаттуу көтөрүлгөн жаңы желек кайрадан түшүрүлүп, алмаштырылды. Муну менен өзгөртүлгөн туу 3-ирет алмаштырылып жатат.

24.kg маалымат агенттиги эртең менен көтөрүлгөн желек жыртылып кеткенине байланыштуу аны алмаштырууга туура келгенин укук коргоо кызматкерлерине таянып жазган.

Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында парламент тарабынан бекитилген туу салтанаттуу көтөрүлгөн.

Биринчи жолу “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Андан кийин Жогорку Кеңеш бекиткен эмес, башка желек илингени маалым болуп, ал коомчулукта талкуу жараткан.
Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берип, Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин, Министрлер кабинети толуктоо менен акыркы вариантын токтом менен беките турганын айткан.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.
Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Желектин элементтерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, 28-сентябрда коомдук талкууга коюшкан. Бул демилге коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, көпчүлүк эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан. Аны Жогорку Кеңеш 20-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган.
"Жыртылып калган". Бүгүн көтөрүлгөн жаңы туу кайрадан алмаштырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-01-08 11:30:00
Садырдын жалпы элге мажбурланган желектин келечеги жок. Туңгуч желекти кайтаруу керек. Эч кимге зыяны жок болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан