Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 1-январда такталбаган, толук кароодон өтпөгөн туу илинип калганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-январда борбордук аянтта өзгөртүлгөн тууну салтанаттуу көтөрүү иш-чарасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко 8-январда илинген желек
Бирок ал желекти ким даярдаганын, кимдин чечими менен илингенин тактаган жок.
Эске салсак, 1-январда “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына жаңы туу илинген. Желекти алмаштырууда эч кандай расмий иш-чара уюштурулган эмес. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан башкача болчу. Анда туунун нурлары түз болуп, түндүккө бириктирилген.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков “туунун жаңы вариантын Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” билдирген.
Ал эми Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай болуп өзгөртүлөрүн айткан.
Өкмөт да, Дайырбек Орунбеков да “Ала-Тоо” аянтына 1-январда илинген туу кимдин чечими, кайсы токтом менен кабыл алынганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген. Президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга 22-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түндүктөн ажыратылган абалда, түз тийген формада желбирейт.