"Сагынам". АКШнын белгилүү улакчысы легендарлуу Мирлан Сраждиновду эскерди

Көк бөрү боюнча АКШ курама командасынын капитаны Лэдд Хауэлл маркум легендарлуу улакчы Мирлан Сраждиновду эскерип, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анда америкалык ковбой бул каргаша ага өтө оор болгонун айтты.

"Машыктыруучубуз жана досубуз Мирландын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу бул абдан оор жана ойго салган жума болду. Ал өзү сүйгөн оюнун ойноп, көк бөрү оюнунун өнүгүшүнө, мамлекеттер ортосундагы мамиленин чыңдалышына зор таасирин тийгизип дүйнөдөн кайтты. Анын спортко кошкон салымы ар дайым урматталат жана биз аны сагынабыз. Ал бизге үйрөткөн бул оюнду улантабыз жана анын биздин биринчи машыктыруучубуз болгонуна абдан ыраазымын.

Ушул аптада Мирландын бир нече жума мурун берген акыркы маегин көрдүм. Анда ал атасынын жаш кезинде кайтыш болгонун, аны канчалык сагынганын айтып берди! Эми азыр мен анын үй-бүлөсүн, балдарын ойлоп жатам. Алар ошол кездеги атасынын сезимин азыр баштарынан өткөрүп жатышат. Мирлан атасы менен бейиште жолукканда анын кандай болгонун элестете албайм.

Мен Мирланды акыркы жети жылда тааныганыма чексиз ыраазымын. Мен аны чындап сагынам жана анын үй-бүлөсүнө сабыр тилейм.

Тилекке каршы, көп учурда өлгөндөн кийин гана адамдын жашоосу тууралуу көбүрөөк биле баштайбыз. Мирландын укмуштуудай басып өткөн жолу бар. Аны тааныгандардын баары анын көк бөрү талаасында да, анын сыртында да кандай сонун үлгү болгонун билишет деп ишенем", - деп жазды Лэдд Хауэлл.

Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.

Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.

13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан