Көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.
Маалымдалгандай, бул чечим Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан чыккан. Билдирүүдө так себептери айтылган эмес.
"Мындан улам Көк бөрү федерациясы катышуучу командаларга жана күйөрмандарга Нооруз турнири уланбай калганын жарыялоого аргасыз", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата уюштурулган турнирдин биринчи оюнундагы "Бөрүлү" - "Бүркүт" командаларынын беттешинде "Бөрүлүнүн" капитаны Мирлан Сраждинов башынан катуу жаракат алып каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалганы кабарланган.
Мындан тышкары, 13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган эле.