АКШ элчилиги легендарлуу көк-бөрүчү Мирлан Сражидиновдун өлүмү боюнча билдирүү жасады

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги көк бөрү оюнунда каза болгон легендарлуу улакчы Мирлан Сраждиновдун өлүмү боюнча билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө элчилик улакчынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнө, командалаштарына жана жалпы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мирлан чебер гана эмес, таланттуу машыктыруучу жана америкалык көк бөрүчүлөр менен жакшы дос болгон. Ал 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШнын көк бөрү командасын машыктырган. Америкалык ковбойлор Мирланды акылман жана боорукер адам катары билишет. Ал америкалык жана кыргызстандык спортчулардын башын бириктирүүдө чоң роль ойноп, спорт аркылуу улуттарды жакындатты", - деп жазылат анда.

Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.

Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.

13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан