Көк бөрү федерациясынын жалпы жамааты, командалардын башчылары жана улуттук оюндун сүйүүчүлөрү президент Садыр Жапаровго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду.
Алар улуттук оюндардын бул түрүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, көк бөрү оюнуна уруксат берүүнү суранышууда.
"Нооруз турниринде болгон кырсыктан бери бүтүндөй өлкөбүздө көк бөрү оюнуна тыюу салынып, аны менен чогуу экинчи ири республикалык оюндарыбыз да болбой калуу алдында турат. Бул аралыкта көк бөрүдөгү өлкө боюнча 80ден ашык команда жана жүздөгөн күйөрмандар сүйүктүү спортун көрө албай, сүйгөн командаларын кубаттоого жол жабылып калганына зээнибиз кейип турат.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич! Көк бөрү федерациясы жана кыргыз көк бөрүчүлөрү бийликтин азыркы саясатын толугу менен колдоого алабыз, ошол эле учурда улуттук спортубузга да сиздердин көмөгүңүздөр керек экендигин белгилеп кетмекчибиз.
Биздин ачык кайрылуубуз өз дарегине жетерине ишенүү менен сиздер тараптан дагы көк бөрүгө ийкемдүү сунуштар болуп, биргеликте ата-бабалардан бери келе жаткан улуттук спортубузду жаңы деңгээлге алып чыгарыбызга ишенбиз. Оюндардын жанданышын, кайрадан башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ага сиздердин жардамыңыздар керек", - деп жазылат кайрылууда.
Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командаларынын беттешинде "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.
Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилди.
13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирген.