Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев өзүнүн орун басарларына кайрылып, депутаттарга бирдей мамиле кылууга чакырды.
"Эч кандай бөлүнүүгө жол бербөө жана депутаттардын сөздөрүнө комментарий бербөө керек. Ал үчүн атайын депутаттык этика кодекси бар, регламенттин беренесинде да айтылган. Ошондуктан депутаттар менен сый-урматта иш алып барууга көмөктөшөсүздөр деп ишенем",- деди ал.
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү отурумунда төраганын биринчи орун басарлыгына Медер Алиев шайланды. Бир апта мурун вице-спикерликке Болот Ибрагимов шайланган. Мындан тышкары, спиркедин дагы бир орун басары Жылдыз Таалайбек кызы бар.