Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Ибрагимов парламент төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Добуш берүү жашыруун өтүп, ага катышкан 69 эл өкүлүн 53ү "макул" деген добуш беришсе, 16сы "каршы" беришти.
Айта кетсек, Ибрагимов парламенттин бүгүнкү отурумунда вице-спикерлик кызматын тапшырып берген Карим Ханджезанын ордуна келди. Дагы белгилей кетүүчү жагдай, ушул жыйында Болот Ибрагимовдун "Мекенчил" депутаттык тобуна кошулганы жарыяланды.