Азамат Осмонов Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилесек, Осмонов аталган кызмат ордуна үч ай мурун дайындалган.