Иран АКШнын Бахрейнде жайгашкан эки аскердик базаларына сокку урду. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, чабуул АКШнын Иранга карата жасаган аскердик аракеттерине жооп катары уюштурулду.
Белгилей кетсек, буга чейин, 17-ноябрда, АКШнын аскерлери Ирандын Кешм аралындагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык ракеталык полигонго сокку урганы маалымдалды.