Каракол шаарынын кире беришинде жолго асфальт төшөө жана стеланы жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, иштер шаардын көркүн жакшыртуу, инфраструктурасын жаңылоо жана тургундар менен коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.