Биз социалдык тармакта

Министр Кулубаев Сейшел аралдарынын ТИМ башчысы менен телефондо сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сейшел аралдары республикасынынын тышкы иштер министри Барри Фор менен телефондо сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу пландарын, ошондой эле көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын күн тартибин кеңейтүүгө эки тарап тең даяр экендигин билдирди. Ошондой эле мамлекеттердин тышкы саясий мекемелеринин ортосунда туруктуу иш байланыштарын сактап туруу боюнча макулдашууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан