Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары болуп Жеңиш Сейдалиев дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалымдалгандай, аны министр Акыл Токтобаев эмгек жамаатына тааныштырган. Тааныштыруу аземине министрдин орун басарлары, министрликтин борбордук аппаратынын башкармалык башчылары жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.