Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев парламенттин 4-марттагы жыйынында Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токою тууралуу маселе көтөрдү.
Айтымында, учурда бул аймактын 40 гектары гана өздөштүрүлүп, калганы кароосуз калууда.
"Бул жөн гана сейил бак эмес. Бул 1981-жылы ботаник Алексей Фетисов тарабынан негизделген борборубуздагы эң эски жана баалуу жашыл аймактардын бири. Ал шаардын түндүк бөлүгүндө Аламүдүн дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Токойдун жалпы аянты 136,6 гектарды түзөт. Бирок анын 40 гектары гана өздөштүрүлүп, калган бөлүгү дээрлик кароосуз калган. Бул жерде 10догон дарак жана бадалдын түрлөрү бар. Ошондой эле аймакта Комсомол жана Пионер көлмөлөрү жайгашкан. Тилекке каршы, бул уникалдуу аймак көңүл сыртында калууда. Жайында көлмөлөрдүн бири гана иштеп, экинчиси жана токойдун басымдуу бөлүгү кароосуз. Көптөгөн дарактар куурап жатат. Ирригация системи иштебейт. Санитардык тазалоо жетишсиз. Айрым жерлер таштандыга айланып бара жатат",- деди эл өкүлү.
Депутат аталган сейил бакты калыбына келтирүү боюнча төрт сунуш айтты:
Жороев тийиштүү мекемелерге токойду комплекстүү калыбына келтирүү боюнча пландоону жана каржылоо булактарын аныктоону сунуштады.