Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешовдун соттуулугу бар-жоктугун текшерип жатат. Маалыматты бүгүн, 4-мартта БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, эл өкүлүнүн соттуулугун текшерүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылуу түшкөн.
Айта кетсек, Бекмурза Эргешов парламентке №6 округдан депутат болуп шайланып келген.