Биз социалдык тармакта

Депутат Токтогулга жаңы оорукана курууну суранды (видео)

Токтогул районундагы Үч-Терек айылына заманбап оорукана куруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында депутат Болотбек Борбиев билдирди.

Эл өкүлү аймакта 30 миңден көп калк жашай турганын белгилеп, өкмөттөн жаңы заманбап талаптарга жооп берген оорукана курууну суранды.

"Аймакта эки чоң: Үч-Терек жана Элмирбек Иманалиев айыл аймагы жайгашкан. Бул жерде 30 миңден ашуун калк жашайт. Андан тышкары, аймак аркылуу Бишкек-Ош унаа жолу өтөт. Бул жерде дагы жол-транспорт кырсыктарынан жаракат алгандар да кайрылышат. Буга байланыштуу тиешелүү, жаңы, заманбап жабдуулар менен камтылган оорукана куруу зарыл",- дейт депутат.

Депутат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан