Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова өкмөттү акын-жазуучуларга көңүл бурууга чакырды.
Ал акыркы убактарда оор кылмыштар көбөйгөнүн белгилеп, жарандарды жакшы жакка үндөй турган курал - жакшы чыгармалар экенин айтты.
"Акыркы убактарда эмне себептен классикалык чыгармалар жазылбай калды? Себеби, гонорар төлөнбөйт, айлык акылар жок, акын-жазуучуларыбызга атайын иш сапарлар уюштурулбай жатат",- деди эл өкүлү.