Жогорку Кеңештин депутаттарынын маянасы 58 432 миң сомду түзөт. Бул тууралуу төрага Марлен Маматалиев парламенттин 4-марттагы жыйынында айтты.
Айтымында, буга чейин коомчулукта депутаттардын айлыгы боюнча так эмес маалыматтар тарап кеткен.
"Депутаттардын маянасы 58 432 сомду түзөт. Андан сырткары, 80 миң сом фонд бөлүнөт. Бирок ал фонд унааларды оңдоп-түзөөгө, күйүүчү майга, айдоочуга аймактарга болгон иш сапарларга сарпталат",- деп билдирди төрага.