Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев социалдык тармактарда тараган депутаттардын болжолдуу "кара тизмеси" тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу төрага парламенттин 4-марттагы жыйынында айтты.
Ал билдиргендей, интернет тармактарында парламенттен кетиши мүмкүн делген депутаттардын тизмеси жарыяланууда.
"Атайын тизме түзүп, "кара тизме" деп алып, бул депутат кетет деген кептерден алыс болууну суранат элем. Бизде болуп жаткан нерсе баары мыйзамдуу түрдө болду жана болот. Мыйзамдын алкагында гана ишмердүүлүктү алып баруудабыз",- деди төрага.