Ирандан бир кыргызстандык жаран Азербайжанга эвакуацияланды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Иранда болжол менен 100гө жакын кыргызстандык бар. Азырынча алардын ичинен бирөө өлкөдөн чыгуу ниетин билдирип, Орусиянын жардамы менен Азербайжанга чыгарылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгышта 20 миңден ашуун Кыргыз жарандары бар экени маалымдалган.