Биз социалдык тармакта

Депутат ИИМди айдоочулардан экзамен алуунун ордуна тыгын менен күрөшүүгө чакырды

Бүгүн, 4-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова ИИМди одоно жол эрежелерин бузган айдоочулардан экзамен алуунун ордуна, көчөдөгү унаа тыгындары менен күрөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, тыгындын айынан көпчүлүк айдоочулар жол эрежелерин бузууга барып жатышат.

"Эртең менен көчөлөрдүн шаарга кире турган жагы дайым тыгын, ал эми шаардан чыгып кеткен тарабы бош турат. Көчөлөрдүн шарттарын оңдосо, жол чырактарды, мүмкүн тыгын убактарында бир жактуу жолдорду өзгөртүп, ушул сыяктуу нерселер менен алектенсе жакшы болмок. Анан коррупцияны жок кылсаңар, ошондо жол эрежесин бузуу жоголмок. Өзүңөрдүн ичиңердеги коррупция менен күрөшкүлө",- деди эл өкүлү.

Депутат айдоочулардан экзамен алуунун ордуна тыгын менен күрөшүүгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан