Биз социалдык тармакта

БАЭде кыргызстандыктарды эвакуациялоо үчүн чогултуу иштери жүрүп жатат

Бириккен Араб Эмираттарындагы 360 кыргызстандыкты эвакуациялоо боюнча эки атайын авиакаттам ишке ашырылууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтымында, учактардын бири бүгүн, 4-март күнү түндө келсе, бири 5-март эртең менен өлкөгө конот. Учурда өлкөнүн БАЭдеги элчилиги кыргызстандыктарды чогултуп, автобустарды уюштуруп жатканы айтылды. Эвакуация тизмесине улгайган адамдар, аялдар жана балдар кирген.

"Биздин жарандарга байланыштуу эң оор жагдай БАЭде болуп жатат. Ал өлкөдө биздин 10 миңге жакын жараныбыз бар. Анын ичинен 1200 жараныбыз эвакуациялоо иши боюнча кайрылышкан. Калгандары болсо, ал жакта жашап, иштеп жаткандар",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан