Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасынын көчө шыпыруучулары, "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери айына 15-16 миң айлык алып иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын мэри Жанар Акаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
Калаа башчысы бул айлык учурда эч нерсеге жетпестигин белгилеп, алардын маянасын 30 миң сомго чейин көтөрүп берүү сунушун берди.
Депутаттар бул демилгени колдоп, карап чыгышарын билдиришти.