Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин өмүр баяны

Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-мартта Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, колдоду. Буга удаа тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Айта кетсек, Чыныбаев буга чейин ӨКМ жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Министр Чыныбаевдин өмүр баяны:

Канатбек Чыныбаев 1983-жылы 4-ноябрда Кара-Балта шаарында туулган.

Аскердик наамы – запастагы подполковник

Билими:

  • 2006-жылы – Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган;
  • 2018-жылы – Орусиянын Жарандык коргонуу академиясын аяктаган;

Эмгек жолу:

  • 2006-жылдан 2022-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн;
  • 2022-жылдын 15-июлунан тартыпКуралдуу Күчтөрүнүн кадрлардын карамагында калтыруу менен КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунда иш сапарда кызматын улантып келген;
  • 2026-жылдын февралынан тартып өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеп келген;
  • 2026-жылдын 10-мартынан тарта өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу;
  • 2026-жылдын 11-мартынан баштап өзгөчө кырдаалдар министри.

Сыйлыктары:

Аскердик жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн:

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары;
  • “Кынтыксыз кызматы үчүн” II даражадагы медалы;
  • “Жарандык-аскердик кызматташууну чыңдоо үчүн” медалы;
  • “Мыкты аскердик кызматы үчүн” II даражадагы медалы;
  • “Мыкты аскердик кызматы үчүн” I даражадагы медалы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан