Биз социалдык тармакта

Эрдоган кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Анын жиберген куттуктоо телеграммасын президенттин администрациясы жарыялады.

"Бул ыйык майрам ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка тынчтык, ден соолук жана бакубатчылык алып келсин деген тилектерим менен бирге, биздин тилектештигибиз менен биримдигибиз мындан ары да бекемделүүсүн Жараткандан тилеймин.

Өз элимдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге чың ден соолук жана бакыт, ал эми достош жана боордош Кыргызстан элине бакубат жашоо, гүлдөп-өнүгүү жана өсүүнү каалайм”,- деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан