Биз социалдык тармакта

Казакстандын туңгуч президенти кыргыз элин кош майрам менен куттуктады

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт жана Нооруз майрамдары менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Назарбаев мусулмандардын ыйык майрамы болгон Орозо айт жана бардык түрк элдерине орток Нооруз майрамы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген.

"Сизди мусулмандардын ыйык майрамы — Орозо айт жана бардык түрк элдерине орток болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул улуу майрамдар элдерибиздин боордоштук, кайрымдуулук жана боорукердик салттарын жаңылап, тынчтык менен бакубатчылыкты алып келсин",- деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле ал жакшы ниеттер жана жасалган сооп иштер кабыл болуп, Жараткан бардык элдерге ынтымак жана молчулук берүүсүн каалады.

Назарбаев эки өлкө ортосундагы өз ара сый-урмат мамилелери мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдирген. Ал президент Жапаровго бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакыт-таалай, ал эми кыргыз элине өсүп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан