Ош шаарындагы Имам аль-Бухари атындагы Алай мечити бузулуп, анын ордуна заманбап жана чоң мечиттин курулушу башталат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, учурда шаар өсүп, мечитке келгендердин саны көбөйүп, имарат элди толук батыра албай калган.
"Жүздөгөн жылдык тарыхы бар бул мечитте миңдеген адамдардын дубасы айтылып, жүрөктөр тазарган ыйык жай. Бирок убакыт өзгөрүп, шаар өсүп жатат. Эл көбөйүүдө. Бүгүн бул мечитке эл батпай баратат. Көз жоосун ала турган чоң мечитти атын атагысы келбеген кыргызстандык жеке ишкер куруп берет",- деп жазды мэр.
Маалыматка ылайык, жаңы мечит заман талабына жооп берген, кең жана ыңгайлуу болуп курулары күтүлүүдө.