Бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары Кыргызстан элин жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Нооруз майрамы менен куттукташты.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов куттуктоо жолдогон.
Алар Кыргызстан менен болгон достук мамилени жогору баалай турушканын белгилеп, Кыргыз элине өнүгүүнү каалашкан. Ошондой эле өкмөт башчылар өлкөлөр ортосунда түзүлгөн кызматташтыктардын мындар аркы өнүгүсүүнө маани беришерин кошумчалашкан.