Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоо телеграммасын президенттин администрациясы таратты.
"Жаз майрамы – Ноорузга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген.
Эки тараптуу байланыштардын бүткүл комплексинин мындан аркы өнүгүшү биздин достук элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине, Борбор Азияда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө багытталганына ишенем.
Сизге ушул жаркын майрам күнү бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бардык жарандарыңызга бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат анда.