Кытайдын лидери Си Цзиньпин өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Кыргызстандын салттуу Нооруз майрамына карата Кытай өкмөтүнүн жана элинин атынан сизди, ошондой эле сиз аркылуу Кыргызстан өкмөтүнө жана элине майрамдык куттуктоолорумду жолдоого уруксат этиңиз.
Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Өткөн жылы биз сиз менен үч жолу жолугуп, эки өлкөнүн ар кыл тармактардагы кызматташтыгын тереңдетүү боюнча маанилүү макулдашууларга жетиштик, кытай-кыргыз ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жаңы доордо жаңы деңгээлге чыгардык.
Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы бирдиктүү тагдырынын тыгыз коомчулугун андан ары түзүү максатында, эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн сиз менен биргелешип аракет кылууга даярмын. Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.