"Төбөдө Кудай карап турат. Адилетсиздик жасалса, анын жообу сөзсүз кайтып келет". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-мартта Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты менен таанышууда генералдарга кайрылып жатып билдирди.
Президент өз сөзүндө мурдагыдай тааныш-билиштикке, мыйзамсыз аракеттерге жана негизсиз айыптоолорго жол берилбеши керектигин айтты. Ал милиция, сот, УКМК жана прокуратура мамлекетке болгон ишенимдин негизги көрсөткүчтөрү экенин кошумчалап, эгерде бул түзүмдөрдө адилеттүүлүк сакталбаса, анда жалпы бийликке болгон ишеним солгундай тургандыгын белгиледи.
"Адилетсиздик, калыссыздык болбош керек да эми. Айрыкча милицияда. Мурдагыдай сабап, жөн эле күнөөсү жокту күнөөлүү кылып... Буга чейин болуп келген тааныш-билиштиктен алыс болгула. Силердин милдетиңер – калыс жана адилеттүү болуу. Силерге эл ишенип, ыраазы болсо эле, силердин ишиңер аркылуу мага да ишенет", - деди президент.