
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп
Калперизат Айдарбекова дайындалды. Бул тууралуу калаа бийлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал эми буга чейин аталган бөлүмдү жетектеген Айсулуу Касмалиева башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.