Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими болуп Жолдош Чуштуков дайындалды. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келген.
Ал эми "Тазалыктын" директору болуп Максатбек Арынов дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизацияланган резервинин материалдарын сактоо кызматынын директору болуп иштеген.