Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Казакстанга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстанга жумуш сапары менен барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат. Тар жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле, “Digital Qazaqstan-2026” (Санарип Казакстан-2026) эл аралык форумуна катышып, форумдун алкагындагы санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессияда сөз сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан