Биз социалдык тармакта

Министр Кулубаев Өзбекстандын ТИМ башчысы менен телефондо сүйлөштү

Бүгүн, 25-мартта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү камтыган соода-экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү боюнча практикалык кадамдар каралды.

Мындан тышкары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Кыргыз-Өзбек кызматташуусун мындан ары тереңдетүүгө жана активдүү саясий диалогду улантууга өз ара даяр экенин тастыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан