Биз социалдык тармакта

Төрага Москвада мигранттардын балдарын мектепке киргизүүнү жеңилдетүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жетектеген парламенттик делегация Орусияга расмий сапар менен барды. Москвада депутаттар мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуудагы тестирлөө шарттары менен таанышып, аны жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу 26-мартта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага билим алуу жеткиликтүү жана адилеттүү болушу керектигин баса белгилеп, тесттер башка тил чөйрөсүнөн келген балдарга ылайык түзүлүшү керектигин айтты. Ошондой эле делегация кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештердин көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдорун ортого салышты.

Сапардын алкагында Марлен Маматалиевдин Орусиянын жогорку жетекчилиги, анын ичинде Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан