Биз социалдык тармакта

Айыл чарба министри Акунбеков казак элчиси менен жолугушту

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз-Казак кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелер талкууланганы айтылды.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарга басым жасоо менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти. Анда айыл чарба, инфраструктура, логистика, суу-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Акунбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча ишенимдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты колдоонун негизи болоруна ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тараптын катышуусундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралардын графиги, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан