Биз социалдык тармакта

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Кыргызстанда өтөт

Бүгүн, 27-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанда болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты.

Президенттик адмимнистрация билдиргендей, күн тартибине ондон ашуун маселе киргизилген жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьери, ошондой эле биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы катышты.

Касымалиев ЕАЭБ жөнүндөгү келишим эмгек миграциясы чөйрөсүндө макулдашылган саясатты ишке ашырууну жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылууну карарын билдирди. Ал ошондой эле логистиканын натыйжалуулугун камсыз кылуу маселеси бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи. Анын айтымында санариптик чечимдер ачык-айкындуулукту камсыз кылып, логистиканын ылдамдыгын жогорулатат. Өзгөчө учурларда товарларды жеткирүү пункттарында контролдук чаралар жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле кошумча салык эсептөөлөр, анын ичинде товарларды конфискациялоо жана жок кылуу сыяктуу зарыл чаралар көрүлмөк.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарында жалпы 13 маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүү чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан