Рустам Кошонов дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Анталия шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 27-мартта билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Айта кетсек, Кошонов аталган кызматка 2022-жылдын февраль айында дайындалган болчу.