Бүгүн, 28-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрликтеринин жетекчилерин кабыл алды.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун учурдагы төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коргоо мекемелеринин ортосундагы координацияны бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеген.