Биз социалдык тармакта

Таластагы “Манас-Ордо” комплексинде курулуш жүргүзүп жаткандарга эскертүү берилди

Курулуш министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна иш сапары менен барып, “Манас-Ордо” комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүдө иштер графиктен артта калып жатканы белгиленип, курулуш компаниясына расмий эскертүү берилди. Министр ишти 10 күндүн ичинде жандандырууну тапшырды.

Долбоордо административдик борбор, конгресс-холл жана маданий объекттерди куруу каралган. “Манас-Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан